Илимий стиль – Илимий стиль

Илимий стиль

Илимий стилге илим жана техника тармагында жазылган монографиялар, илимий-популярдуу справочниктер, энциклопедиялар, өндүрүштүк, илимий-техникалык адабияттар, окуу китептери, методикалык колдонмолор, реферат, докладдар, газета-журналдарга жарыяланган илимий макалалар, диссертациялык эмгектер кирет. «Илимий стиль» илим-изилдөө мекемелеринде, окуу жайларында, орто мектептерде, илим менен алектенген бардык чөйрөлөрдө кеңири колдонулат.

Илимий стилде көбүнчө илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу-адистер, илимпоздор, мугалимдер жазышат. Алар өзүнө чейинки жана ошол учурдагы (изилдеген проблемасына тиешелүү) иштерге сын баа берип, өзүнүн көз карашын билдирип, илимий ой жүгүртүп, атайын ыкмалардын жардамы менен зарыл факты, материалдарды чогултушат. Сыноолорду жүргүзүшөт. Аларды жалпылаштырып, талдоого алышат, системага салышат. Илимий корутунду, жыйынтык чыгарышып, далил, аргументтерди келтиришет. Айрым учурда илимий ачылыштарды жасашат. Илимий стилдин өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

Жалпылангандык — турмуштун жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, түшүнүктөрүн аныктоо. Бул максатта абстрактуулукту туюндурган тил каражаттары колдонулат.

Объективдүүлүк — тигил же бул проблеманын чындыкка ылайык келерин ишенимдүү далилдерге таянуу менен аныктоосу. Окумуштуулардын ойлору цитата түрүндө алынат.

Логикалуулук — аныктама, түшүнүк, теориялык жоболор өз табиятына жакын, ырааттуу, системалуу чагылдырылат.

Тактык — илимий стилдеги терминдер так, түшүнүктүү, кыска келет.

Илимий стилге мүнөздүү тил каражаттары

Лексикалык каражаттар. «Илимий стиль» терминдерге бай. Ар бир илимге (математика, химия, физика, биология, тарых, медицина ж. б.) тиешелүү терминдер өз ич ара тыгыз байланышып, системаны түзүп турат.

Терминдер (Синтаксис: сөз, сөз айкашы, сүйлөм, сүйлөмдүн түрлөрү. Морфология: сөз түркүмдөрү. Сөз жасоо: уңгу, мүчө. Фонетика: тыбыш, тамга ж. б.). Башка тилдерден кабыл алынган сөздөр да илимий стилде жыш кездешет. Алар төл сөз менен бирге келишет.

Мисалы: Орто кылымдардын тарыхы — жалпы тарыхтын байыркы дүйнөнүн тарыхынан кийинки экинчи бөлүгү. Орто кылымдарда элдердин көбүндө кул ээлөөчүлүк эмес, феодалдык түзүлүш болгон. Химия — заттар жана алардын бири-бирине айланыштары жөнүндөгү илим. Азыр 3 миллиондон ашык зат белгилүү, алардын катары дагы жаңы заттар менен толукталууда. Заттардын кээси жаратылыштан табылса, кээ бирөө капрон жана нейлон сыяктуу жасалма түрүндө алынат. Атмосфера — биздин планетабыздын эң үстүңкү жана эң жеңил, абдан кыймылдуу катмары болуп саналат. Жердин тиричилигинде анын ролу зор. Ал тирүү организмдерге дем алуу үчүн, өлүмгө дуушар кылуучу космостук нурлардан, метеориттердин түшүшүнөн, күндүз күндүн куйкалаган нурларынан, ал эми түнкүсүн муздап кетүүдөн сактоо үчүн зарыл. Атмосфера болбогондо, жер айдын бетиндегидей, эч бир тиричиликсиз чөлгө айланып калмак.

Жогорудагы ар бир илимдин тармагы боюнча алынган түшүнүк, аныктамаларда эң алгач өзөк, түшүнүк айтылып, андан кийин анын негизги өзгөчө белгилери саналып өттү.

Мисалы, Тил — адамдардын өз ара пикир алышуу куралы. Ал — коомдук көрүнүш. Коом өнүксө, тил да өнүгөт. Тил коллективи бөлуктөргө ажыраса, тил диалектилерге бөлүнөт. Диалектилердин көбөйүшү бирдиктүү тилдин жок болушуна алып келет. Тилдин турлөрү көп. Мында тил — аныкталуучу түшүнүктү атаган термин. Адамдардын өз ара пикир алышуу куралы — эң негизги өзөк түшүнүк. Формула түрүндө карасак төмөнкүдөй: Термин + өзөк түшүнүк + өзгөчө белгилери = аныктама.

Морфологиялык каражаттар. Сын атоочтун салыштырма даражасы — ыраак мүчөсү илимий стилдеги тексттерден учурайт. Педагогикалык экеперименттин материалын иликтөөчү, тажрыйбалуу мугалимге сунуш кылганы оңбу же окуу процессинде өзү түздөн-түз сынап көргөнү ылайыкпы дегенде, албетте, кийинки ой чындыкка жакыныраак болот.

Илимий стилде сан атоочтун эсептик саны, бөлчөк саны, иреттик сандары башка түрлөрүнө салыштырмалуу кеңири пайдаланылат, мисалы: 1941-жылкы ченемсиз бүлгүнчүлүккө алып келген согуш жылдары фашисттер 70 миң айыл-кыштакты, 1710 шаар, поселокторду өрттөп, 25 млн адам үй-жайсыз калганын айтуу эле жетиштүү. Жалпы калктын 1000 адамынын 125и жогорку жана орто, 764 орто билимдүү болуп эсептелет. «Илимий стиль» ушундай сан атоочтун эсептик сандары болот экен.

Киринди сөздөр да илимий стилде жыш колдонулат: жалпысынан алганда, биздин оюбузча, биринчиден, экинчиден, адатта, басымдуу түрдө, эреже катары, көбунчө, сиздин пикириңизче, кыскасы, тактап айтканда, чындыгында, айтмакчы, бир сөз менен айтканда деген өңдүү киринди сөздөр жолугат.

Мисалы: Адабият сабагынан билим берүү иши башка окуу сабактарынан айырмаланып, эки жактуу мүнөзгө ээ. Ал, биринчиден, көркөм сөз искусствосу катары окутулса, экинчиден, адабияттын өнүгүү тарыхы менен теориясы боюнча адабият таануу илиминин негизин үйрөтөт. (С. Байгазиев)

Кызматчы сөздөр да илимий стилдеги тексттерден кезигет: жандоочтор (тууралуу, аркылуу, жөнүндө, караганда, үчүн ж. б.), байламталар (да, же, бирок, себеби, ошондуктан, ошол себептен, анткени, эгер ж. б.), бөлүкчөлөр (гана, го, абдан ж. б.)

Мисалы: Мүйүздүү Бугу-Энеге кол көтөрүү — энеге кол көтөрүү менен барабар. Бала дал ушундай кабыл алат, ушундай түшүнөт. Мына ошондуктан тоодогу чыныгы бугуну атуу, анын мүйүзүн жара чабуу — бул бала үчүн Мүйүздүү Бугу-Энеге кол салуу менен барабар. (К. Асаналиев)

Илимий стилде ошондой эле -уу, -да мүчөлөрү аркылуу уюшулган этиштин учур чагы, -уу, -оо мүчөлөрүнөн уюшулган кыймыл атоочтордун барыш жөндөмөсүндө келиши менен болот, кийин деген жардамчы сөздөрдүн, айкашып айтылышы да колдонулат.

Мисалы: Алыкулдун өз алдынча ойлоно билген сүрөтчү катары калыптанышы үчүн жекече турмуштук тажрыйбасы жана адамдык тагдыры аныктоочу мааниге ээ болгон деп, тайманбай айтууга болот.

Ички сезимди билдирген сырдык сөздөр, илептүү сүйлөмдөр илимий стилде кездешпейт. Мен деген 1-жактын жекелик түрүндөгү ат атоочтун ордуна биз деген көптүк түрү колдонулат.

Синтаксистик каражаттар. Себеп-натыйжаны, ой-пикирлердин жыйынтыгын туюндурган багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр кезигет мисалы: башкы каарман адегенде көбүнчө окуяга өзү активдүү катышпай, байкоочу катары гана көз салып карап турат да, анан өзүн атуулдук жактан түптөнтүп алгандан кийин гана адам болуп, жол издөөгө өтөт.

Жайылма сүйлөмдөр жыш кездешет, мисалы: Адилеттик жөнүндө кылымдар бою эңсеп келгендер аткарылбас кыялдарын жомокко айландырыптыр. Ошол адабиятты түшүнүү, талдоо, андан күч топтоо, күл азык алуу сенин китеп окуу маданиятыңа, окумалдыгыңа байланыштуу экенин унутпаганың абзел.

«Илимий стиль» боюнча жазган макалабыз ушундай, кошумча пикирлер болсо жазып койгула, биз толуктап коебуз.

tyup.net

Текст деген эмне

«Текст деген эмне» — текст жонундо тушунук кандай, негизги ой жана темасы менен бириккен сүйлөмдөр тобу текст деп аталат. Тексттеги сүйлөмдөр мааниси жана тил байланыштары менен байланган (кайталоо, ат атооч, синоним ж.б.) Тема — текстте айтыла турган нерсе жана башында колдонулат. Негизги ой — негизи кеп кылып жаткан нерсеге болгон автордун ою, ошондой эле илимий фактылар. Адабий текстте көбүнчө баалоо маанисине ээ болгон сүйлөмдөр колдонулат. Негизги маанини билдирүү менен автор кадам-артынан кадам шилтеп, бөлүмдөн бөлүмгө өтөт. Жалпы теманын бөлүгүн подтема же микротема деп атайт. Анын айланасында тексттин бөлүгүн түзгөн сүйлөмдөр топтолот, булар абзац деп аталат. Абзац башталышы жана аягы болот. Стилистика, кептин стилин жана андагы тил каражаттарын колдонууну изилдөөчү илим.

Адабий кептин максаты — чындыктын сүрөттөлүш чагылыштыруусу жана окурмандын ойлоруна жана сезимдерине эмоционалдык таасир этүү. Жазуучу сүрөттөлүш менен ой жүгүртөт. Чындыкты анализдеп автор жашоо-тиричиликти сүрөттөлүштөр менен берет, адамдардын образдары, типтүүнү индивидуалдуулукта жана конкреттүүлүктө ачат.

Стилистикалык өзгөчөлүктөр — образдуулук (сөздөрдүн, адабий образдын сүрөттөлүштөрү менен), эмоционалдуулук жана экспрессивдүүлүк (гипербола, метафора, элестетүү). Кептин түрлөрүнүн биригиши мындайча айтканда акталып, автордун ою менен жана негизги ойдун айтылышы менен белгилениши керек.

Кептин стилдери
Илимий стиль
1.Илимий эмгектерде, докладдарда, лекцияларда, китептерде колдонулат.
2.Кептин милдеттери — маалымат берүүчү мүнөздөгү фактыларды билдирүү.
3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:
-Так
-Далилдөөчү + терминдер
-Жалпыланган (бюумдар, нерселер тобу)
-Автордун мамилеси жок
4.Илимий талкулоо көп учурда илимий адабиятта кезигет, ал илимий аныктамадан башталып мындайда кандайдыр бир түшүнүктөр, — бул эмне? деген суроого жооп берүүчү фактылар ачылат.

Иштиктүү же расмий стиль:
1.Негизи ар кандай иш кагаздарында, көрсөтмөлөрдө, нускамаларда, мыйзам чыгаруу документтеринде колдонулат.

2.Кептин милдеттери:
-Адамга бир нерсе жасоого жардамын берүүчү, жашоодогу маалыматтарды билдирүү.
-Так көрсөтмөлөрдү, сунуштарды берүү.
3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:
-Расмий
-Так
-Эмоциасыз
4.Расмий, китеп билдирүүлөрү, этиштен жана сын атооч суффиктеринен негизделген зат атоочтор колдонулат.

Публицистикалык стиль:
(Публицистика — саясаттын жана коомдук жашоонун маселелерин чагылдыруучу адабияттын тармагы)

1.Жашоонун коомдук-саясый тармагында колдонулат: газеталар, журналдар, радио, ТВ. Бул агитаторлордун, пропагандисттердин, журналисттердин жана элдик массага кайрылып жаткандардын кеби.

2.Кептин милдеттери:
-Маалыматты билдирүү
-Коомго таасир берүү
-Коомдук жашоого белгилүү бир мамилени, жарандык позицияны формулировка кылуу.

3.Айтуу, сүйлөө жана ойду билдирүү негизинен төмөнкүдөй болот:
-Темасы боюнча учурга, элге кызык болгон

-Жаркыраган, сезимталдуу, чакырык таштоочу
-Ийгиликтүү аталыш

4.Тил каражаттары жана текстти түзүү ыкмалары:
-Окурманга түз кайрылуу
-Сүйлөм байланыштарынын параллелдүү ыкмасы колдонулган текст фрагменттери
-Экспрессивдүү кайталоо жана стандарттык лексика
-Айтуу максаттары жана эмоционалдуу боёктогу сүйлөмдөрдүн ар кандай түрлөрү
-Сүйлөмдөрдүн мүчөлөрүн өз алдынча сүйлөм катары негизги маанилүү оюн ачууга жасалгалоо, көркөмдөө.
-Бул толук эмес сүйлөмдөрдү түзүүдөгү параллелизм.
-Же биримдигисиз, кайталануучу жана биримдиги бир өңчөй мүчөлөрдүн катары
-Китеп жана сүйлөшүү кебинин айкалышуусу
-Баарлашуучуга түз кайрылуу
-Сөздөрдүн тескери ирети (инверсия)
-Риторикалык суроолор

«Текст деген эмне» атту макалабыздагы кептин стилдери ушундай болду, эми бираз тексттеги публицистика жанрларын карайлы.

Публицистика жанрлары. (Жанр — адабий чыгарманын түрү)
1.Белгилер (газетага)
-Кандайдыр бир кызыктуу факт же коомдук жашоодогу окуяга кыскача билдирүү

-Билдирүүнүн максаты — коомдун жашоого көңүлүн буруу, автор атайын өзүн көрсөтпөйт

2.Репортаж (Күбө болгон адамдын кандайдыр бир коомдук окуянын айтып берүүсү)
-Репортаж авторунун милдети: угармандар же окурмандар өзүлөрү көргөндөй кылып айтып берүү
-Кандайдыр бир процесстин процесс катары билдирүүсү
-Автор (инсан) дайыма болуп, окуяга болгон мамилеси дайыма бар (кубаныч, кайгыруу…)
-Репортажды түзүү:

А)Башталыш (болуп өткөн жердин абалынын баяндалышы, айлана-чөйрөнүн абалынын баяндалышы — бардыгы автордун чечиминен көз каранды; динамикалуу (бир түзүмдүү сүйлөмдөр, этиш эмес конструкциялар) же окурманга түз кайрылуудан башталышы мүмкүн)

Б)Борбордук бөлүк (баяндоо кебинин түрү, анткени окуя жөнүндө айтып берүү болуп жатат)
-Этиштердин көптүгү, кыска туюк атоочтуктардын.

В)Аягы (автордун жана окурманды ага алып келүүчү окуяга баа берүүсү, кыска кортунду)
-лексика синтаксистикалык конструкциялардан турат (суроо сүйлөмдөрү же алардын максаты, илептүү сүйлөм, кайрылуулар, кириш сөздөр жана сүйлөмдөр)
-репортаж темасы катары шаар ичине экскурсия болушу мүмкүн: архитектуралык эстеликтер, парктар, көчөлөр, тарыхый жерлер менен таанышуу (кептин түрү — баяндоо + фрагменттер)

3.Макала — түшүндүрүүчү жанр
-макала милдети — кандайдыр бир маанилүү маселеге адамдардын көңүлүн буруу, кайсы бир ойдун адилеттүүлүгүнө же каталыгына аларды ишендирүү.
-Ишендирээрлик, далилдик, автордун жеке позициясы.
-Түзүү: Башталышы — маселени коюуу, борбордук бөлүк — аны ачуу, аргументтер, мисалдар, чечим — кортунду, аягы (композиция репортаждыкындай)
-Бирок: кептин түрү менен — көйгөйлүү макала — бул пикир.
-Пикир ичинде кептин башка түрлөрү болушу мүмкүн (баяндоо, сүрөттөө)
-Негизги ой (тезис) — аргументтер (аргументтер менен тезисти байланыштыруу үчүн союздар, кириш сөздөр колдонулат) — натыйжа (кириш сөздөр)

4.Портреттик очерк.
-Очерк темасы — коомдук-маанилүү факт (окуя — ишитин негизин билүү)
-Очерк каарманы — жашоону өзгөртүүчү, ишке билимин, тажрыйбасын, күчүн берген, жогорку моралдык сапаттарга ээ болгон адам.
-Кеп каармандын иши жөнүндө эмес, анын мүнөзү, кызыгуулары, башка адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө
-Очерк түзүүчү бөлүктөр:
1.Тышкы келбетинин баяндалышы
2.Анын иши, чыгармачылыгы жөнүндөгү баян
3.Биографиясынын башка фактылары
4.Мүнөзү, кеби
5.Каарманда негизгини ачуучу эпизод (бир нече)

Адабий кеп сөздөр менен сүрөт тартуу, сезимдерди окурманга жеткирүү зарыл болсо колдонулат.

Кептин милдети — таасир этүү Авторго образды жаратууга, башка мааниде сөз сүрөтүн тартууга жардам берүүчү конкреттүү сөздөрдү колдонуу; эмоционалдык-баалоо сөздөрү, анда автордун баяндап жаткан нерсесине анын мамилеси ачылат, экспрессивдүү кайталоо, ат атооч, синонимдер.

Баяндоо — кеп бир убакта болуучу белгилер жөнүндө

Аңгеме түрүндө айтуу — иш-аракеттердин тартиптүүлүгү

Ой-пикир — касиеттердин жана кубулуштардын себептери жөнүндө айтылат.

Мына достор «текст деген эмне» аттуу суроого жооп берүүгө кичине болсо да аракет кылдык. Текст жонундо маалымат керек болот деп макаланы жаздык. Ой-пикир, сын-пикирлер болсо тартынбаңыз. Кыргызча дайындаган Баркалбасова А.

Кошумча шилтемелер:

tyup.net

Публицистикалык стиль

«Публицистикалык стиль» газета-журналдарда, радио уктуруу, теле көрсөтүүлөрдө, өкмөт, мекеме жетекчилеринин докладдарында, макала, очерк, мемуардык чыгармаларда жана башка учурларда колдонулат.

Публицистикалык стилдин милдети — коомдук турмушта, саясий чөйрөдө, эмгек процессинде же чет элде болуп жаткан алдыңкы идеялар, алга жылуулар, өзгөрүүлөр, жаңыруулар тууралуу маалыматтарды өз убагында элге тез, таасирдүү, жеткиликтүү баяндоо, ал окуяларга карата коомчулуктун пикирин пайда кылуу, агитациялык, пропагандалык ролду аткаруу болуп саналат.

Публицистикалык стилде коомдук-саясий сөздөр (парламент, сессия, депутат, Жогорку Кеңеш, демократия, спикер ж. б.), үгүттөө маанисиндеги сүйлөмдөр (Жеке менчикти колдойлу. Алдыңкы мамлекеттерге теңелели. Жердешчиликке жол бербейли. Таланттууларды тандайлы ж. б.) жана эмоционалдуу маанидеги сөздөр да кездешет.

Лексикалык, морфологиялык, синтаксистик тил каражаттары колдонулат. Маалыматтар ачык-айкын, так, фактыга таянуу менен далилдүү жана аргументтүү болуп, географиялык, тарыхый аталыштар, коомдук-саясий терминдер, уюм, мекемелердин наамдары аталат. Айрым учурда көркөм, илимий, расмий-иштиктүү стилдин элементтери да орун алат.

«Публицистикалык стиль» ичинде абстракттуу чакырык маанисиндеги сөздөр, синонимдер, неологизмдер, сырдык сөздөр, жөнөкөй, татаал сүйлөмдөр, каратма сөз, киринди сөз, төл жана бөтөн сөздөр пайдаланылат.

Кыргыздын айрым акын-жазуучулары публицистикалык жанрда да калемин сынашат: Ч. Айтматов (Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат), Т. Сыдыкбеков (Табылга), К. Жусупов (Ыр сабындагы өмүр), С. Байгазиев (Иниме кат) ж. б.

Ысык-Көл орусча аталганда жылуу көл — дегенди билдирет. Туз-Көл деген да аты болгон. Ысык-Көл тартылып баратат. Эгер аны мурда жүздөгөн суулар толтуруп турса, бүгүн алардын баары бүт бойдон сугатка жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт. Көлдүн жээги жыл сайын 7—10 смге ылдыйлап жатат. Көл жээгинин 500—1000 метрге тартылып, такырайып калышы, суунун жылуулугун төмөндөтүп коёт. Ысык-Көлдү сактап калуу — бул мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибизди азыр мына ушундайча түшүнүп, баалоо керек. Эгер сен өзүңө жамаатташ турган токойду, суу алган бото көз булакты, берешен жерди сүйсөң, тек гана суктанып эмес, ишкер дем, эң негизгиси эртеңки күн жөнүндө ойлонуп, жаратмандык менен сүйсөң, анда сенин чыныгы кожоюн боло алганың. Анда сенин патриот боло алганың. Ал биздин керемет көлүбүз — Ысык-Көл сындуу баа жеткис жерлерин сактап калуунун өбөлгөсү ушунда болот. ( Ч. Айтматпов )

Келкел романы — Токтогулга арналган бирден-бир прозалык чоң чыгарма. Токтогулдун жигиттик доорунан тартып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баяндалган бул чыгармада улуу акындын күрөшчүл, көңтөрүшчүл, ойчул жетик образы чагылдырылган, түзүлгөн. Токтогулдун өмүрү, образы романдын бүт өзөгүн түзүп, ошол замандын үмүтүн, күрөшүн, жеңишин, философиясын айкын көрсөтүп турат. Бул роман жеке автордун гана жеткилең ийгилиги болбостон, жалпы кыргыз адабиятынын чоң ийгилиги болоруна шек жок. (Т. Сыдыкбеков)

«Публицистикалык стиль» боюнча маалымат кичине азыраак болгонуна байланыштуу мугалимдерден кошумча пикирлер болсо жазып коюууну суранат элек.

Кошумча шилтемелер:

tyup.net

Тил илими — Wikipedia

Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди грамматикасын изилдөөдөгү башкы роль С. Паниниге (б. з. ч. 4-кылым) таандык. Тил илими Байыркы Грекияда адегенде практикалык зарылчылыктан улам изилденген. Теориялык жалпылоолорго кийинчерээк (логиканын негиздери иштелип чыкканда) алынган. Системалуу түрдө Аристотель тарабынан б. з. ч. 4-кылымда иштелип чыккан. Тил илими Римде грек Тил илиминин таасиринде өнүккөн. Рим тилчилеринен Донат (б. з. 4-кылым) менен Присциандын (б. з. 6-кылым) грамматикасы өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, Днаттын грамматикасы Европада орто кылымда латын тилин изилдөөдө колдонулуп, жаны европалык тилдердин грамматпкасын түзүүдө үлгү катары пайдаланылган. Тил илимине да жаңы идеялар, илимдин башка тармактарындагыдай эле Кайра жаралуу доорунда кирген. Бул доордо жана андан кийинки мезгилдерде Тил илимин изилдөө үч багытта жүргөн: 1) классикалык тилдер деп аталган латын, айрыкча, байыркы грек тили түп нускасы боюнча изилденген; 2) илимпоздор араб, еврей, сирия илимдери, асыресе филологиясы менен иликтенген; 3) Батыш Европа элдеринин учурдагы тилдерин изилдөө ишке ашырылган. Бул багыттардагы изилдөө иштеринин натыйжасында ар башка уядагы көптөгөн тилдерден материалдар чогултулуп, тилдерди салыштырып изилдөөгө кадам ташталган. 16–18-кылымдарда тилдердин тектештик маселеси боюнча Г. В. Лейбниц тарабынан көп жумуш жасалган. Ушул эле мезгилде логикалык негиздерге таянган универсал категориялуу рационалдуу грамматикалар түзүлгөн. Россияда Тил илими 15–16-кылымдардан өнүгө баштаган. Орус грамматикасын иликтөөдө М. В. Ломоносов чон салым кошкон. Анын «Орус грамматикасы» (1755) деген эмгегинде орус адабий тилинин фонетикалык жана морфологиялык нормасы биринчи жолу системалуу сыпатталган. 19-кылымдын биринчи жарымында салыштырма-тарыхый тил илими өрчүп, изилдөөнүн өзгөчө ыкмалары иштелип чыккан. Бул тармакта төмөнкү илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Раск, Ф. Bonn, Я. Гримм , Ф. Диц, A. X. Востоков, Й. Добровский, П. Й. Шафарик ж. б. 19-кылымдагы Тил илиминин өнүгүшүнө немец окумуштуусу В. Гумбольдт көп эмгек синирген. Ал тилдин өрчүшүнүн жалпы теориясын иштеп чыгып, тилди адамдын чыгармачылык ишинин манызы катары аныктаган. Тил илиминдеги «жаш грамматиктер мектебинен» башка кийинки багыттардын баары аздыр-көптүр В. Гумбольдттун лингивистика системасынын таасиринде өнүккөн. Тил илимин психологиялык негизден изилдөө тажрыйбасын 19-кылымдын 50-жылдары немец окумуштуусу Г. Штейнталь баштаган. Ал эмгектеринде улутташы И. Герберттин психологиялык системасына таянып, речтин иш-аракетинин психологиялык абалын анализдөө аркылуу ачып берүүгө аракеттенген. Бул кылымда Тил илиминде биологизм (натурализм) багыты пайда болуп, анын өкүлдөрү Ф. Бопптун тилди организм жөнүндөгү окуу катары караганына таянышып, филология – тарых илиминин бир тармагы, ал эми Тил илими табият илимдерине кошулат дешкен. Мындай натуралисттик көз карашты америкалык Тил илиминин айрым багыттарында азыр да кеңири пайдаланууда. 19-кылымдын 70-жылдары Лейпциг лингвисттер ийриминен «жаш грамматикалык мектеп» багыты өсүп чыккан. Ал индивидуалисттик психологизмди үлгү тутуп, Тил илиминин жалгыз гана обектиси бар, ал – индивиддин речтик иш-аракети, ошон үчүн жалпы тил — шарттуу нерсе жана өзүнчө бир илимий фикция деген көз карашты таңуулаган. Жаш грамматиктер ушул сыяктуу бир жактуу көз карашты карманышса да, нечендеген ар башка уядагы тилдердин диалектилерин, фонетикалык түзүлүшүн сыпаттап жазып чыгышып, эксперименттик фонетиканын, диалектографиянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүшкөн. 19-кылымдын акырында Россияда речтеги тыбыштарды тилдин маанилүү бирдиктерин туюнтуу жана колдонуу максатында изилдөө жүргүзгөн багыт пайда болгон. Анын теориясы боюнча жеке бир тилде түрдүү тыбыш канчалык көп болсо да алардан белгилүү сандагы негизги тыбыштар (кийин алар фонема деп аталган) гана бөлүнүп алынат. Ушул эле мезгилде Ф. Ф. Фортунатов башында турган дагы бир багыт пайда болуп, сөз формасы жөнүндөгү окуу келип чыккан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Тил илиминде «социологиялык мектеп» аталган жаны багыт түзүлгөн. Ага Женева жана француз мектептери кирген. Социологиялык мектептин теориясы боюнча тил – индивидуалдык эмес, социалдык көрүнүш катары каралган. Тил илиминде 20-кылымда да бир нече багыттар пайда болгон. Алар: эстетикалык мектеп (негизги өкүлү К. Фослер), италян неолингвисттер мектеби (М. Бартоли, Ж. Бонфанте, В. Пизани ж. б.), Прага лингивистика ийрими (В. Матезиус, Б. Трика, Н. С. Трубецкой, Р. Я. Якобсон ж. б.) Копенгаген структуралисттер мектеби (В. Брёндаль, Л. Ельмслев ж. б.) жана америкалык Тил илиминдеги дескриптивдик лингвистика багыты ж. б. Тил илими 20–30-жылдары ылдам өнүккөн. Буга СССР элдеринин тилдеринин жазмалары, грамматикаларынын иштелип чыгышы (Л. И. Жирков, Е. Д. Поливанов, Н. Ф. Яковлевдердин эмгектери), грамматиканын принциптеринин (A. Н. Пешковский, М. Н. Петерсон ж. б. илимпоздордун эмгектери), көркөм адабият тилинин (В. В. Виноградов, Б. В. Томашевский, Ю. Н. Тынянов, Л. П. Якубинский ж. б. окумуштуулардын иштери) жана тилдин коомдук функциясынын изилдениши өбөлгө болгон. Андан кийинки жылдары Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «жаңы окуусунун» кеңири жайылып кеткенине байланыштуу СССРде Тил илими жакшы өнүгө алган эмес. Ал окуунун негизсиз экени 1950-жылкы жана андан мурунку лингивистикалык талаш-тартыштарда аныкталгандан кийин Тил илими ылдам темпте өрчүй баштаган: салыштырма-тарыхый Тил илими, фонетика, орус тилинин жана СССР элдеринин тилдеринин грамматикасы боюнча кыйла маанилүү эмгектер жарыяланган. Тил илиминин математикалык, лингвистика, эксперимент фонетика сыяктуу жаңы тармактарында бир топ ийгиликтерге жетишилген.

ky.wikipedia.org

Реферат — Wikipedia

Реферат – илимий стилде жазыла турган окуучунун өзүнүн жеке ой жүгүртүүсүнө багытталган чакан көлөмдүү эмгек. Ал конспектилөөнүн негизинде ишке ашат. Башкача айтканда тегил же бул илимий тема боюнча кыскача маалымат берүүнүн ыкмасы болуп саналат. Эгерде силер химия илиминин башталышы, анын ичинде М.В.Ломоносов жөнүндө жаза турган болсоңор, алды менен химия илими жөнүндө, ал кайсы кылымда иликтөөнүн же иштей баштоонун башаты жөнүндө конспектилеп, иреттеп жазасыңар. Ал химиктер кимдер, антип эмне үчүн аталгандыгына көңүл бурасыңар. Анан М.В.Ломоносовдун химия илиминдеги салымын, ордун аныктайсыңар. Муну үчүн бир канча адабияттарды карап окуп, толук малымат алышыңар зарыл. Анын мезгилдик системасынан кийин кандай толуктоолор болорун айтышыңар зарыл. Анын мезгилдик системасынан кийин толуктоолор болорун айтышыңар зарыл. Ошондуктан реферат алгачкы илимий эмгектин башталышы деп эсептелгендиктен, жазылыш ыраатынан болушу да манилүү. Реферативдик журналдар деп атала турган илимий топтомдор бар. Алар илимдин тармактары боюнча акыркы чыккан эмгектердин кыскача мазмуну, илимий жаңылыктар менен таныштыруу максатын көздөйт. Мисалы: «Илим жана турмуш», «Вопросы языка знания», «Русский язык в кыргызской школе», «Эл агартуу» ж.б. журналдарды келтирсе болот. Энциклопедиялар да илимий реферативдик эмгек болот.
Реферат — кандайдыр бир тема боюнча жазылган кыска илимий эмгек. Илимий стилди калыптоодо чоң мааниге ээ, тактыгы, маалыматтарынын арбындыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү менен айырмаланууга тийиш.
Рефератта илимий маалымат гана берилбестен, рефераттын жазып жаткан материалга карата мамилеси, баасы чагылдырылат. Ал монографиялык же обзордук формада болот. Реферат референттин өз сөзүнөн турат, анда айрым зарыл деп эсептелген учурларга гана цитаталар колдонот жана ал кайдан алынганы көрсөтүлөт. Илимий иштин бул жөнөкөй түрү ар кандай компазициялык планда түзсө болот. Адатта реферат төмөндөгүдөй тартипте түзүлөт:

  • 1. Кириш бөлүмү — рефераттын темасы болгон чыгарманын, илимий эмгектин автору жөнүндө кыска малымат, сөз болуп жаткан чыгарманын жазылыш тарыхы ж.б.;
  • 2. Рефераттын негизги бөлүгү — тема боюнча кыскача, бирок жеткиликтүү илимий маалымат берүү;
  • 3. Баяндалган маалыматтарга карата, анын мааниси тууралуу жыйынтыктар, жалпылоолор.

Жазылган темага карата окуучуулук пикирдин, көз караштын болушу да шарт, силер азыр мындай илимий чоң маанилерге илимий көз карашыңарды айтканга эрте деп эсептешиңер мүмкүн, бирок өз оюңарды айтууга көнүшүңөр керек. Автор менен макул болбогон учурда кайчы пикир айта аласыңар. Бул силердин илимий сезимталдыгыңарга түрткү бериши ыктымал.
Рефераттын акырында кортундуу жазылат да, темага байланыштуу пайдаланган адабияттардын библиографиялык тизмеси берилет. Ал максатына жараша, цитата берилгенине жараша катар номери менен белгиленип, же алфавиттик тартипте жайланыштырылат. Авторлордун фамилиялары тышкы гана эмес, ички алфавитке да салынышы жалпы илимий талапка жооп берет. Бир эле автордун бир канча эмгеги келтирилсе, чыккан жылынын ирети менен болушу шарт.

ky.wikipedia.org

Кыргыз тили | Студенттик портал

1.  Сырдык сөздөр жана алардын маанисине карай бөлүнүшү. 2.  Сырдык сөздөрдүн жазылышы. 3.  Тууранды сөздөр жана алардын түрлөрү. 4.  Тууранды сөздүн түзүлүшү,  колдонулушу жана жазылышы.

1. Историзмдер. 2. Архаизмдер. 3. Неологизмдер.

1.  Кыргыз тилинин морфологиясы, анын изилдөө объектилери жөнүндө жалпы түшүнүк. 2.  Сөз түркүмдөрү жөнүндө жалпы түшүнүк. 3.  Сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн принциптери.

1.  Тил-пикир алышуунун негизги куралы. 2.  Кыргыз тилинин  өнүгүшү  боюнча классификациялар. 3.  Кыргыз тилинин пайда болуу жана  өнүгүү этаптары.

1. Лексикография тууралуу жалпы маалымат. 2.  Кыргыз лексикографиясынын калыптанышы жана өнүгүшү. 3.  Сөздүктөр, сөздүктөрдүн түрлөрү.

Лексикология жөнүндө жалпы түшүнүк. Сөз. Сөздүн мааниси жана анын типтери. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.

Синтаксис жөнүндө жалпы маалымат. Сөз айкашынын синтаксиси. Синтаксистик байланыштын түрлөрү.

Илимий стиль. Иш кагаздар стили. Публицистиалык стиль. Оозеки-сүйлөшүү стили. Көркөм стиль.

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери. Фразеологизмдердин негизги типтери. Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

Кыргыз тилинде тыбыштык жактан бирдей болуп, бирок ар башка маанилерди билдириши жактан көп маанилүү сөздергө окшош көрүнүш –омонимдер  бар. Бирок бул окшоштук сырткы гана окшоштук. Көп маанилүү сөз (полисемия) менен омонимдер бири биринен айырмаланышат.

students.com.kg

Илим деген эмне

«Илим деген эмне», илимдин кандай түрлөрү бар, деги эле бул эмнени түшүндүрөт. Илим — чындыкка болгон объективдүү маалыматты иштеп чыгаруу жана системалоого багытталган, адам ишмердигинин бөлүгү. Мындай ишмердиктин негизин фактыларды чогултуу жана аларды дайыма жаңылап, системалап, критикалык анализ жүргүзүп, жана булардын негизинде жаңы билимди же жалпылоону синтездөө түзөт. Фактылар жана тажрыйбалар менен тастыкталган гипотезалар табият же коом мыйзамы болуп калыптанат.

Илим — ошол ишке туура келүүчү кең мааниде бардык шарттарды жана компоненттерди камтыйт:

  • илимий эмгектин бөлүүсү жана кооперациясы;
  • илимий мекемелер, эксперименталдык жана лабораториялык шаймандар;
  • эмгектин илимий-изилдөө ыкмалары;
  • түшүнүк жана категория аппараты;
  • илимий маалымат системасы;
  • мурда чогулткан бардык илимий билимдин суммасы.

Илим жүргүзүү (Науковедение) — илим изилдөө илими

Мазмуну 1.Тарых 2.Жамаат 2.1.Окумуштуулар 2.2.Уюмдар 2.3.Эл аралык институттар 2.4.Медалдар жана сыйлыктар 3.Илимий ыкма 3.1.Изилдөө багыттары 3.2.Өзүнө өзү тажрыйба жасоо 4.Философия 4.1.Билим чеги 4.2.Билим ырастыгы 4.3.Илимий изилдөө мотивдери 5.Дүйнөнүн илимий сүрөтү 6.Классификация 6.1.Энгельс илимдеринин классификациясы 7.Жаңы илимди түзүү 8.Илимий билимдин элементтери 9.Илимий адабият 10.Илимди жайылтуу 11.Илим жана жалган илим

Тарых Байыркы цивилизация өлкөлөрүндө жазуунун өнүгүүсү менен табият, адам жана коом жөнүндөгү эмпирикалык билимдер топтолуп жана көп ойлонулуп, математиканын, логиканын, геометрия, астрономия, медицинанын башаттары чыга калып турган. Заманбап окумуштуулардын аталары деп койсок болот го, Байыркы Грециянын жана Римдин философтору болгон. Алардын ойлонуулары жана чындыкты издөөлөрү жашоосунун негизин түзгөн. Байыркы Грецияда билимдин класификациясынын варианттары пайда болот.

Илимдин заманбап түшүнүгү 16-17-кылымдарда калыптана баштаган. Тарыхый өнүгүүнүн жолунда илимдин таасириси техника жана технология чегинен чыгып кеткен. Илим коомдун жана маданияттын бардык тармактарына чоң таасирин берген маанилүү социалдык, гуманитардык институтка айланган. 17-кылымдагы илимий ишмердиктин көлөмү ар бир 10-15 жылда эки эсеге көбөйүп турган (илимий ачылыштардын, илимий маалыматтардын, илимий адистердин санынын өсүүсү).

Илимдин өнүгүүсүндө экстенсивдик жана революциялык мезгилдер орун алмашып турган — илимдин структурасын, түшүнүү негиздерин, категорияларын жана ыкмаларын, жана алардын уюштуруу формаларын өзгөрткөн илимий революция. Илимге диалектикалык процесстердин айкалышуусу, жана алардын дифференциациясы менен интеграциясы, фундаменталдуу жана прикладдык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү мүнөздүү.

Жамаат Илим менен иш алып барган адамдардын жыйындысы илим жамаатын түзөт. Илимий жамаат мамлекеттик, коомдук мекемелер жана формалдуу эмес топтор эмгектенген, татаал өзү уюшуучу системаны элестетет. Мындай жамааттын өзгөчөлүгү илимий ийгиликтердеги жетишкендиктери менен таанып билүүчү жогорку баскычтагы авторитет, жана бийликтүү авторитеттин төмөнкү денгээлдеги таанып билүү баскычы, бул кээде мамлекет жана илимий жамааттын конфликтисине алып келет. Ошондой, формалдуу эмес топтордун жана жеке инсандардын башка социалдык катмардагы жогоруулугу. Илимий жамааттын маанилүү маселелеринин бири — бул билимдин илимий өнүгүүсүн камсыз кылуучу жана билим берүү системасын колдоочу, жаңы илимий ишмерлерди даярдоочу, жаңы идеяларды жана теорияларды таанып билүү же алардан баш тартуу.

Илимий жамаат адамдарынын жашоо түрү жана жашоого болгон көз карашы коомдогу жөнөкөй адамдардыкынан дээрлик айырмаланат. Азыр илимий жамаатта атеисттик жана скептикалык көз караштар көптүк кылат деп эсептелинет. 1990-жылдардагы өткөрүлгөн изилдөөдө америкалык улуттук академия мүчөлөрүнүн 7 пайызы жана Улуу Британия илим академиясынын 3,3 пайызы гана кудайга ишенгендер болгон. Ошол эле убакта жалпы улуттук сурамжылоонун маалыматы боюнча Улуу Британия калкынын 68,5 пайызы өзүн кудайга ишенгендеп деп эсептешет. Ал эми Америкалык окумуштууларды алсак, кудайга ишенгендер 40 пайызын гана түзгөн жана бул көрсөткүч дээрлик өзгөрбөстөн калууда. Америкалык университеттердин мугалимдеринин арасынан кудайга ишенгендери 73 пайызын түзүп, 2005-жылы июнь айындагы Чикаго университетинин изилдөөчүлөрүнүн жарыялоосу боюнча докторлордун 76 пайызы кудайга ишенишет. Илим тарыхы илимдеги доктриналардын жана башкаруучу элестердин өзгөрмө экенин күбөлөнтөт, жана алардын тиешелүү мамлекеттеги же тарыхый мезгилдеги саясый конъюнктурадан көз каранды экенин көрсөтөт.

Окумуштуулар Окумуштуу — илимий ишмердиги жана квалификациясы илим жамааты тарабынан тигил же бул формада таанылып, дүйнөнүн илимий сүрөтүн негиздөөдөгү акыл-эси менен ишмердик кылган илимдин өкүлү. Квалификациясынын таанылышынын негизги формалдуу белгиси — авторитеттүү илимий басмаларда изилдөө материалдарын чыгаруу жана авторитеттүү илимий конференцияларда доклад окуу. Эл аралык басмалар жана конференциялар, ошондой эле эл аралык денгээлде таанып билүү приоритетке ээ. Окумуштуунун авторитети жана квалификациясын таанып билүү анын тар адистер чөйрөсүндөгү белгилүүлүгүнө байланыштуу. Башка окумуштуулардын эмгектеринен учурдагы окумуштуунун иштеринин санына шилтеме берүү менен рейтинг түзүү аракеттери болот. Мисалы, бир илим чөйрөсүндөгү профессорлор арасында, өзүнчө илимий багыт боюнча жазманын автору ким болсо, ошол багытта ал эксперт болуп эсептелинет. Эгер (бирдей окумуштуу наамындагы) эки автор, бир эле илимий багытта иштеп, кимисинин ишине көбүрөөк шилтеме болсо, ал мыкты эксперт болуп саналат, натыйжада, башка авторлор дагы анын квалификациясын таанып билишет. Илимий жамааттагы престиж ушинтип калыптанат.

Окумуштуулар арасында кандайдыр бир илимий теманы изилдеген, каалаган узакка созулган эмгекти ага тиешелүү монографияны чыгаруу менен бүтүрүү талап, андай монография негизинен изилдөөнүн так ыкмаларынын баяндалышы, аткарылган иштин натыйжаларын берүү, жана алардын интерпретациясы менен болот.

Илимий жамаатта педагогикалык эмгек жогору бааланат. Престиждүү окуу жайда лекция окуу укугу окумуштуунун денгээлин жана квалификациясын таанып билүүгө жатат. Ошондой эле илимий мектепти түптөө дагы жогоруу бааланат, башкача айтканда окутуучунун идеясын улантуучу же өнүктүрүүчү окумуштууларды даярдоо.

Профессионалдык илимге таандык болгонун жана окумуштуунун клалификация денгээли формалдуу түрдө жергиликтүү жана улуттук квалификациялык комиссиялар тарабынан аныкталышы мүмкүн (диссертацияны коргоо боюнча кеңеш, аттестациялык комиссия). Кыргызстанда окумуштуунун квалификациясы окумуштуу денгээли (даражасы) (илимдин кандидаты же доктору) жана окумуштуу наамы (доцент же профессор) менен тастыкталат. Даражаларды жана наамдарды берүү УИА (Улуттук Илимдер Академиясы) тарабынан көзөмөлдөнөт. Окумуштуу даражалар илим багыты боюнча берилет, мисалы, физика-математика илиминин кандидаты, юридика илиминин кандидаты жана башкалар. Тиешелүү окумуштуу даражаны алуу үчүн атайын кенеште диссертация жазып аны жактоо зарыл. Көптөгөн илимий эмгектери бар болгондо гана, диссертация, жасаган эмгегинин доклады менен алмашылат. Бирок мындай адаттан тышкары иштер абдан сейрек болот, мисалы, Генералдык конструкторлор үчүн. Ийгиликтүү жактоонун сөзсүз түрдө болуучу шарты — илимий эмгектердин публикациясы жана апробациясы болот. Апробация деп — негизи конференцияларда чыгып сүйлөөлөр эсептелинет, анткени бул форма натыйжаларды дискуссия түрүндө талкулоого мүмкүндүк берип, окумуштуу жамааттын көз караштары келишпегенде ачык критикага жол ачылат. Окумуштуу наамын алуу үчүн (доцент же профессор), окумуштуу даражадан тышкары педагогикалык иш жүргүзүү талап кылынат, негизинен окуу-методикалык басылмаларга ээ болуу. Квалификацияны таанып билүүнүн майда формалдуу белгилери дагы болот, мисалы, аспиранттардын илимий иштерине көзөмөл жүргүзүү укугу. Бул кандидаттан докторлукка өтүү үчүн зарыл болгон кичинекей баскыч десек болот.

Жогорку баскыч — илимдер академиясына мүчөлүк. Мурдагы СССР убагындагыдай эле Кыргызстанда мүчө болуунун эки баскычы бар: биринчи — академиянын корреспондент-мүчөсү, жана жогоркусу — академик. Академияда — өзү уюшуучу илимий жамааттар, академиктерди жана корреспондент мүчөлөрдү өзүлөрүнүн чогулушунда тандайт. Кандидаттарды ЖОЖ (жогорку окуу жайлар) жана ИИИ (илимий изилдөө институттары) көрсөтөт. Ошону менен бирге тандоолор дайыма көп альтернативдүү негизде жүргөн. Учурда Кыргызстанда Илимдер Академиясынан тышкары, тармактык Академиялар да иш алып барат, алардын кээ бири, мисалы Медицина илиминин академиясы көп жылдык тарыхка ээ, башкалары — салыштымалуу жакында эле пайда болгон. Ал уюмдар Илимдер Академиясы сыяктуу, бирок даражасы, албетте, төмөн.

Уюмдар Илим жамаатында абдан көп илимий уюмдар бар. Илимдин өнүгүүсүндө активдүү ролду ыктыярчы илим коому ойнойт, алардын негизги иши илимий маалымат менен алмашуу, анын ичинде, конференцияларда, жана коом тарабынан чыгарылуучу мезгилдик басмаларга жарыялоо менен дагы. Илимий коомдордо мүчөлүк өз ыктыяры менен болуп, көп учурда эркин, жана кээде мүчөлүк акы төлөө талап кылынат. Мамлекет мындай коомдорго ар кандай колдоолорду көрсөтүшү мүмкүн, ал эми коом бийлик менен макулдашылган позициясын айтып чыгат (жалпы дүйнөдөгү кээ бир учурлар). Кээ бир учурларда ыктыярчы коомдордун ишмердиги чоң маселелерди камтыйт, мисалы, стандартизация. Бирден бир авторитеттүү жана массалык коомдордун бири катары IEEE саналат. Эл аралык илимий бирикмелер коллективдүү дагы, жеке дагы мүчөлүктөргө мүмкүндүк берет. Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн Улуттук Илимдер Академиялары улуттук илимий коомдордон өсүп чыккан. Мисалы, Улуу Британияда академиянын ролун Илимий Королдук Коом алып барат.

Биринчи илимий коомдор 1560-жылдары Италияда пайда болгон — алар Неаполь шаарындагы «Табият сырларынын академиясы» (Academia secretorum naturae), Римдеги (1603) «Линчейлер Академиясы» (Accademia dei Lincei — сөзмө сөз которгондо, өзгөчө көрүүгө ээ болгондордун академиясы), Флоренция шаарындагы «Тажрыйбалуу билим Академиясы» (Тажрыйба академиясы, 1657). Бул, бардык Италия академияларында көптөгөн белгилүү ойчулдар жана коомдук ишмерлер катышкан, алардын ичинде ардактуу мүчө болгон, атактуу Галилео Галилей тарабынан физика чөйрөсүндөгү үгүттөө жана илим-билимди кеңейтүү максатында, тез-тез кезигүү негизинде, идеялар жана эксперименттер менен тажрыйба алмашуу уюшулган. Булар Европа илиминин жаплы жонунан өнүгүүсүнө таасирин тийгизгенинде сөз жок.

Илимдин жана техниканын тез өнүгүү зарылдыгы өкмөттөн илимдин өнүгүүсүнө активдүү катышуусун талап кылды. Буга ылайык, бир нече өлкөлөрдө, Академия өйдө жактын буйругу менен түзүлөт. Бирок көпчүлүк Илим Академияларында демократиялык уставдар кабыл алынган, бул өз учурунда мамлекетке таандык көз карандысыздыкты камсыз кылат.

Илимий мекемелер:

  • ЮНЕСКО (Бул мекеме бүт дүйнө окумуштууларын жана башка илимий мекемелердин биргелешип иштөөгө көмөкчү болот).
  • ИЮПАК (Химия чөйрөсүндөгү прогресске көмөктөшүүчү эл аралык мекеме).
  • Эл аралык астрономиялык бирикме (астрономиялык суроолорду чечүүдөгү жогорку эл аралык инстанция катары таанылып, астрономиялык телолордун жана аларга тиешелүү заттардын официалдуу аталыштарын стандарттоо жана биргелешип алар менен иштөө талаптарын чечет)

Эл аралык институттар Илимий институттар — академиялар жана ИИИ(илимий изилдөө институттары) — эл аралык денгээлде иштешет. Заманбап ири масштабтуу илимий проектилер, мисалы, адам геномун чечмелөө же эл аралык космос станциясы, ири материалдык чыгымдарды жана көптөгөн илимий, ошондой эле өндүрүш коллективдерининин иш аракетин координациялоону талап кылат. Көп учурда мындайды эл аралык кооперацияда жасоо эффективдүү.

Эле аралык илимий институттар:

  • CERN — жогорку физика энергиясынын жана элементардуу физика бөлүктөрүнүн дүйнөдөгү ири лабораториясы;
  • ОИЯИ — Бул институтта СССР жана Россияда ачылган бардык трансурандык элементтер синтезделген, ошондой эле башка өлкөлөрдө ачылган көпчүлүк трансурандык элементтердин синтези кайталанган.

Медалдар жана сыйлыктар Илимий жетишкендиктери үчүн окумуштууларга илимий сыйлыктар жана медалдар берилет.

  • Нобель сыйлыгы — эң престиждүү жана белгилүү илимий сыйлык, номинация катарларында берилет.
  • Филдс сыйлыгы жана медалы — математика чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн берилет.
  • Неванлинна сыйлыгы — информатикадагы, математика аспектилериндеги ири жетишкендиктери үчүн берилет.
  • Гаусс сыйлыгы — Башка илимде ачылыш жасоо менен математика илимине кошкон зор салымдар үчүн.
  • Крафорд сыйлыгы — сыйлыктар кийинкидей багыттарда берилет: Астрономия жана Математика, Биологиялык илимдер жана Жер жөнүндөгү илим.
  • Абель сыйлыгы — математикага кошкон салымы үчүн.
  • Шао сыйлыгы — астрономия, математика жана медицинага же жашоо-тиричилик жөнүндөгү илимге кошкон салымы үчүн.
  • Тьюринг сыйлыгы — Эсептөөчү техника ассоциациясы тарабынан берилүүчү, информатика чөйрөсүндөгү эң престиждүү сыйлык.
  • Декарт сыйлыгы — илим жана техникадагы жетишкендиктери үчүн.
  • М. В. Ломоносов атындагы чоң алтын медаль — Россия илимдер академиясынын жогорку сыйлыгы.
  • Д. И. Менделеев атындагы чоң алтын медаль — химия илиминин жана технология чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн берилүүчү Россия илимдер академиясынын илимий сыйлыгы.

Илимий ыкма Дүйнөнү предметтик жана объективдүү кароо ыкмасы илимди башка таанып билүүдөн айырмалайт, аларга дүйнөнү кадыресе, көркөм, диний, мифологиялык, эзотерикалык, философиялык таанып билүү кирет. Мисалы, искусстводо чындыктын чагылдырылышы субъективдүүлүктүн жана объективдүүлүктүн суммасы катары берилет, ал эми реалдуулукту кайталоо негизинен эмоционалдык баалоо же реакцияны жоромолдойт.

Заманбап илимий ыкманын түзүмүнө, башкача айтканда жаңы билимди түзүүгө төмөнкүлөр кирет:

  • Фактыларды байкоо жана өлчөө, байкоолорду сандык же сапаттык баяндоо. Мындай баяндарда ар кандай абстракциялар зарылдык менен колдонулат.
  • Байкоолордун натыйжасын анализдөө — систематизациялоо, маанилүү жана азыраак манилүүлөрүн бөлүштүрүү.
  • Жалпылоо (синтез) жана гипотезаларды, теорияларды калыптандыруу.
  • Божомол: дедукция, индукция же башка логикалык ыкмалардын жардамы менен берилген гипотезалардан же кабыл алынган теориялардан себептерди калыптандыруу
  • Божомолдонгон себеп-натыйжаларды эксперименттин жардамы менен текшерүү (Карл Поппердин терминологиясы менен — критикалык эксперимент)

Ар бир баскычта приципиалдуу маани каалаган денгээлдеги маалыматка дагы, алынган натыйжага дагы критикалуу мамиледе болот. Бардыгын тастыктоо зарылдыгы, текшерилүүчү маалымат менен негиздөө, теориялык чечимдерди эксперимент натыйжалары менен тастыктоо, илимди башка таанып билүү формаларынан айырмалайт, анын ичинде бул же тигил негизги догматка, ишенимге негизделген динден дагы. Илим жана илимий ыкмалардын түшүнүгү — илим методологиясы, убакыттын өтүшү менен өзгөргөн.

Изилдөө багыттары Илимий изилдөөлөрдө негизги үч багытты бөлүп кароо болот:

  • Фундаменталдык илимий изилдөөлөр — бул негиз болуучу билимди алуу максатында нерсени же буюмду терең жана ар тараптуу изилдөө, ошондой эле изилдөнүүчү кубулуштун мыйзам ченемдүүлүктөрүн чыгаруу максаты, алардын натыйжалары түз өндүрүштө колдонууга божомолдонбойт. Фундаменталдуулук термини (латынча fundare — негиздөө) бул илимдердин биринчи, негизги табият мыйзамдарын изилдөө багытын чагылдырат.
  • Прикладдык илимий изилдөөлөр — бул фундаменталдуу илимдин жетишкендиктерин колдонуп практикалык маселелерди чечүү үчүн жүргүзүлүүчү изилдөөлөр. Изилдөөлөрдүн натыйжалары жаңы технологияларды түзүү жана жакшыртуу болуп саналат.
  • Илимий-изилдөө жана конструктордук-тажрыйба иштелмелер — бул жерде учурдагы проектинин илимий, техникалык жана инженердик иштеп чыгуусун камсыз кылуу аркылуу илим менен өндүрүш биригет. Кээде алынган натыйжалар илимий-техникалык революцияга алып келиши мүмкүн.

Өзүнө өзү тажрыйба жасоо Көптөгөн окумуштуулар өзүнө өзү тажрыйба жасашкан.

  • Helicobacter pylori микроорганизминин биринчи ачуучулары өзүнө өзү жуктуруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы — Барри Маршалл жана ыктыярчылар тобунун гастриттин өнөкөт этиологиясынын болуу фактору, дагы бир илимий тастыктоо катары болду. 2005-жылы Барри Маршалл жана анын кесиптеши Робин Уорен жасаган ачылышы үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.

Философия «Илим деген эмне» аттуу суроодо философия дагы кандайдыр бир чоң ролду ойнойт. Илимдин өнүгүүсү жана маалымат берүүчү иш-аракеттин бул же тигил моделин берүүчү, илимдин философиясы көптөгөн оригиналдуу концепция менен берилген. Ал илимдин ролун жана маанилүүлүгүн чыгарууга, маалымат берүүчү иш-аракеттин башка түрлөрүнөн айырмалоого мүмкүндүк берүүчү илим мүнөзүнө багытталган. Илим философиясы табият таанууга же социалдык-гуманитардык илимге багытталганбы же багытталган эмеспи, баарыбир тарыхый маданий-социалдык билим статусуна ээ. Илимдин философу дайыма илимий изденүүлөргө, ачуу алгоритми, илимий билимдин өнүгүү динамикасы, изилдөө иштеринин ыкмалары кызыктырат.

Эгер илимдин негизги максаты — чындыкты алуу болсо, илим философиясы адам баласынын интеллектин колдонуудагы маанилүү чөйрөлөрдүн бири, бул рамкада «чындыкка кантип жетүү болот?» суроосуна талкулоо жүргүзөт.

Билим чеги Илимдин бардыгын жасаарына ишенгендик жана илимдин билим чогултуу процессинин үзгүлтүксүз күчүнө ишенүү менен тааныла электик убактылуу бойдон калуусу, дайыма жаңыланып турууучу илим коомунун жигердүү эмгек үчүн үзгүлтүксүз стимулу болуп келет. Ошону менен бирге бул постулат илимий ыкманын чөйрөсүндө эксперимент аркылуу тастыкталбайт дагы, четке дагы кагылбайт, ошондуктан Поппердин критериясы илимге тиешеси жок.

Билимдин ырастыгы Илим реалдуу дүйнөнүн бул же тигил денгээлде айырмалануучу, реалдуу объектилердин моделдери менен операциялайт. Бул учурда пайда болуучу маселе «карта жана аймактын байланышы» аталышта болот.

Илим философиясынын, гносеологиянын бирден-бир көйгөйү илимий билимдин тактыгы. Жалпы учурда бул көйгөй «илимий билим объективдүүбү» деген суроого такалат. Көп кездешүүчү жооп катары «орточо релятивисттик» болот: жетишкен илимий билим аныкталган (объекттивдүү), эгер учурда ал көптөгөн көз карандысыз булактар жана байкоолор менен тастыкталса.

Илимий изилдөө мотивдери А. Эйнштейндин ою боюнча: Илимге алып баруучу бирден-бир күчтүү түркүлөрдүн бири — бул күнүмдүк жашоо-тиричиликтен качуу, анын кыйнаган ырайымсыздыгы жана муңдуу ээндиги. Бул себеп жан дүйнөсү назик адамдардын жеке санааларынан объективдүү көрүү жана түшүнүү дүйнөсүнө түртөт.

Бул негативдүү себепке позитивдүүсү дагы кошулат. Адам сезүү дүйнөсүнөн арылуу үчүн, кандайдыр бир адекваттуу ыкма менен өзүнө дүйнөнүн жөнөкөй жана ачык сүрөтүн түзүүгө умтулат.

Ошондой эле илим жаатында эмгектенүүнүн негизги себептеринин бири (маданий өндүрүм чыгарууга багытталган башка эмгек сыяктуу эле) катары, кам көрүү түрүндө аңсыздык менен жыныс тандоо көз карашы бар. Бул илимдеги эркектердин пропорцианалдуу эмес көптүгүн түшүндүрөт, жана буга жараша адам жашоосундагы жогорку интеллектуалдык жана сексуалдык активдүүлүк мезгилдери.

tyup.net

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *